Мындан бир нече жыл мурун, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан «Түбөлүк сүйүү» (Черная любовь) сериалынын башкы каармандарынын бири Туфандын ролун ойногон актёр Али Бурак Жейлан туралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.
- Түркия таланттуу жана сулуу актёрлорго бай, алардын бири Али Бурак Жейлан.
- Али Бурак Жейлан 1991-жылы 26-майда туулган. Ата-энеси Стамбулга Трабзондон көчүп келишкен.
- Алинин бою 178 см болсо, салмагы 75 кг.
- Жылдыз белгиси – Эгиздер, бул анын шайыр жана жеңил мүнөзүн түшүндүрөт.
- Актёр мектепти бүткөндөн кийин университетке тапшырган, бирок актёр болуну көздөгөн эмес. Анын келечектеги кесиби жаныбарларга, тагыраагы, жылкыга байланыштуу болгон.
- Али жаш тайынан эле ат спортуна жакын болгон. Өзүн актер катары сынай электен мурун, Кипрде жылкы өстүрүүчү чарбада иштеген. Кино тармагына ал кокустан келип калган . Алини тарыхый сериалдардын топтомуна кеңешчи катары чакырышкан. Дал ошол жерден ал актёр болууну кыялданат.
- Жейлан өзүн бир нече тасмалардан сынап көргөн, алардын баары ар кандай жанрларда болгон: экшн, мелодрама жана драма.
- Актёрду чоң экрандагы эң алгачкы киносу, таанымалдуулукту алып келген. Ал биринчи жолу 2014-жылы Эртугрул сериалына тартылган.
- Карьерасындагы эң ийгиликтүү тасма «Түбөлүк сүйүү» сериалындагы ролу болуп эсептелет. Ал 2018-жылы “Жылдын мыкты эркек актёру” номинациясын алган.
- Али Бурак Жейлан жеке жашоосун коомчулука көп чыгара бербейт. Анын Instagram баракчасында 1,2 млн. катталуучусу бар.