7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара чыры: Артем Новиков Баткен облустук ооруканасына барды

691

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүшү тийиш, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылат. Ал эми учурда дары-дармектер жетиштүү көлөмдө», — деди Артем Новиков.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692