Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү тургундары жана чек ара окуяларында жабыр тарткан 140 үй-бүлө менен жолугушуп, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
«Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жараат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен үйлөр курулду. Айылдардагы бир топ чечилбей турган социалдык маселелер четтен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү делген шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди. Ал окуялардан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңы үйлөрүнө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады. Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат.