Өткөн кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз-ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өттү, анда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленди.
Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.