7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү

633

Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жоголгон же жок кылынган жеке документтер боюнча жалпы 248 арыз келип түшкөн. Эң көп ID-карталарын калыбына келтирүү үчүн арыз кабыл алынды. Жалпы 102 адам арыз берсе, анын жарымысына паспорт тапшырылган.

“72 жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 14 жаран никелешүү тууралуу, 11 жаран өлүм жөнүндө, 1 жаран ажырашуу жөнүндө, 9 жаран транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө, 19 жаран айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздануучу болгон. Алардын баары документтерди колуна алышты. Бирок жалпы жарандык паспортту калыбына келтирүү үчүн кайрылган 19 жаран дагы эле күтүп жатышат, анткени норма боюнча анын жасоо мөөнөтү 18 күн”, — деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтар менен камсыз кылуу максатында Ош облусунун Ноокат районунда, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай районундорунда жаңы калкты тейлөө борборлору иштей баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634