Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтотулду. Эки тараптан тең жабыркагандар бар экени маалымдалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
«Саат 14:07де тараптардын чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап саат 14:15ке чейин аткылоосун улантты. Эки тараптан тең жабыркагандар бар», — деп айтылат блидирүүдө.
Бир кыргызстандык жоокер жабыр тартып, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.
Ушул тапта атышуу болгон аймакта эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жүрөт. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномет колдонгон. Андан соң тажик тарап чек ара тилкесине оор техника жеткирип жатканы кабарланган.