Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан 59 адам жабыркап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги саат 20:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 59 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 26 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек 18 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,
4. Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу,
5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
6. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 5 жабырлануучу.
Каза болгон учурлар боюнча маалымат такталууда.