7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадан жарандарды мыйзамсыз өткөрүп жүргөндөр кармалды

703

Мамлекеттик чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам -иликтөө иш -чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жарандары «Э.К.» жана «Э.Ж.А.» кармалды. Алар мамлекеттин чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен, жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган«-деп жазылат.

Азыркы учурда «Э.А.К.» жана «Э.Ж.А.» аттуу жарандарга карата бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналаарын, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 000 сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

704