7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек араны делимитациялоо маселеси боюнча иштерди активдештирүү макулдашылды

231

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өттү. Тараптар коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.


Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Жолугушуунун соңунда жыйындын жыйынтыктоочу Протоколуна кол коюлуп, ошондой эле кийинки жолугушууну Өзбекстан Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча макулдашылды.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

232