7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк лидерлер Навальныйды бошотууну суранышууда

452

Укук коргоочулар менен чет өлкөлүк саясий лидерлер Орусиянын бийлигин оппозиционер Алексей Навальныйды бошотууга чакырышты. Ал 17-январь күнү кечинде Германиядан Москвага учуп келгенден кийин аэропортто кармалган.


Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын белгилеп, анын шарттуу мөөнөтү 3,5 жылга эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылышы керектигин билдирүүдө. Бул маселе боюнча саясатчынын соту 29-январга белгиленди. Ага чейин 48 сааттын ичинде анын бөгөт чарасы каралышы керек.


Навальный Москва аэропортунда журналисттер менен болгон кыска маегинде кармаларын билгенин, бирок Орусияга кайтып келүү планынан баш тартпаганын айтты.


Эл аралык укук коргоо уюмдары Навальныйдын кармалышында саясий боёк бар деп эсептешүүдө. Amnesty International уюму саясатчыны абийир туткуну деп атап, кармоо — анын «оозун жабуу» аракети экенин билдирди. Өз кезегинде Human Rights Watch уюму Навальный саясий себептерден улам кармалганын белгилеп, аны бошотууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

453