7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алай районунда шаарча курулууда. Кимдер жайгаштырыларын билип алыңыз  

853

Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

Муну менен, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, афгандык кыргыздардарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

Анын айтымында бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.

Баарлашуунун аягында анда курула турган билим берүү жана социалдык мекемелер жөнүндө айтып жатып Садыр Жапаров бул мектепти куруунун маанисине токтолду.

«Бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз Мекенинин гүлдөп өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп ишенебиз. Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун”, — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров айылдын курулушуна капсула салып жатып.

Өз кезегинде аталган райондун аксакалдары Мамлекет башчысынын Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын баса белгилешти. Анткени алардын оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура алышпайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

854