7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алайда мыйзамсыз менчиктештирилген эки жер тилке мамлекетке кайтарылды

333

Чоң-Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген эки жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2004-жылы уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кысым көрсөтүп, мыйзамсыз түрдө 0,45 га жер тилкеси менен эки кабаттуу имаратты ээлеп алып, 2009-жылы 1536,99 м2 аянтты ээлеген «А» ресторан комплексин куруп алган.

Ошол эле учурда 1999-жылдын май айында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын айрым кызмат адамдары Дароот-Коргон айылынын борборундагы 0,17 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп беришкен. Учурда аталган жер тилкесинин ээси болуп саналган жаран жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

334