7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алайдагы алтын кендин кору 40 кг деп коюп, тонналап Кытайга ташып жаткандар бар

1196

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Чоң-Алай районундагы алтын кендин алтындары уурдалып жаткандыгы тууралуу айтылды. Депутат Аккулу Бердиев, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияга Чон-Алайдагы алтын кенге да көз салып коюуну сунуштады.

«Чоң-Алай районунда алтын кен бар. Аны атайылап, кору аз деп көрсөтүп жатышат. Ал гана эмес ЖКнын депутаттары да 40 килограммдай эле кору бар экен дешти. Бул жерде сыр каткан болуп, атайлап маалыматты жашырып, чыккынчылык кылгандар бар. Анткени Чоң-Алайдагы алтын кен Кумтөрдөн да чоң деген маалыматты уктук.
Маселен, 2020-жылы Кытайга 14 тонна алтын концентратын чыгарып кетти. Ушуну бир көзөмөлгө алсаңыздар«-деп айтты.
Маалыматка ылайык каржы полициясы иш козгогон, Эркештамдын постунда 17 фура токтоп турат, бирок иштин натыйжасы байкалбайт.

Эл өкүлү бул жерде да Кумтөрдөгүдөй эле мафия бар деп эсептейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1197