Кемин районунун Кайыңды айылынын тоосунда болуп жаткан өрт 11-сентябрда саат 18:45те толугу менен өчүрүлдү. Бул туралуу Кемин районунун Өрт өчүрүү жанан өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Качибеков жеринен билдирди.
Өрт Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан чыккан. Болжол менен 40 гектардан ашуун жер карагайлары менен кошо күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчү унаалар дагы тилсиз жоо болуп жаткан аймакка бара албагандыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик менен биргеликте тургундар өрттү токтотууга кам көрүшкөн.
Өрт чыккан күндөн тарта Кемин районунун администрациясынын башчысы, аким Алайбек Жумаев да жеринде жардам көргөзүп, өзү кошо тилсиз жоону токтотууга жардам берип жатты. Чыккан өрт жердин асты менен жүрүп жаткандыгына байланыштуу кайсы жер күйүп жатканын аныктоо кыйынчылык жараткан.
Андан тышкары тилсиз жоо болуп жаткан аймакка Чүй облусунун губернатору Эркин Тентишев да барып, ыктыярчылардын абалы менен таанышып кайткан. Ошондой эле жардам катары өз чөнтөгүнөн ири суммадагы акча бөлүп, жетишсиз шаймандарды жеринен чечип берди.