Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүндө жайгашкан «Кыргызбай- Ажы» кафесинин тушундагы жаңы салынган жолдун так ортосунда телефон бойлуу аң пайда болгон. Бул тууралуу шаар тургуну 3-4 күндө оңолуп калар деген ниетте социалдык баракчасына жарыялаган.
Ал суу канализациясынын аңы болгону менен жол менен тегиз эмес. Унаалар ал жерден кирип кайра чыгууга туура келет.
«Канчалаган унаалардын асты талкаланды. Урматтуу шаар башчылары ушул жерди бир карап койсоңуздар. Жол өзү негизи жакшынакай эле жаңы жол. Түз. 3-4 күндө оңолол деп ишенем», — дейт тургун кайрылуусунда.