Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу кесиптеши, устаты Ассоль Молдокматова Facebook баракчасына билдирди.
Ал: «Медиктер Алексей Филатовдун өмүрүн сактай албай калышты. Алар болгон аракетин жасашты. Апасына сабыр тилейм. Жаткан жериң жайлуу болсун Лешенька», — деп жазган.
Эске сала кетсек, Алексей Филатов буга чейин коронавирус илдетинен улам оор абалда комага түшкөн болчу. Ага ИВЛ аппараты туташтырылган.