Жети-Өгүз районунда кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда болгон. Мерседес-Бенц унаасынын 24 жаштагы айдоочусу У.К. рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып, тосмону сүзгөн.
«Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу рулда баратып уктап кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир адам аймактык ооруканага, дагы бирөө-24 жаштагы А.А. ошол жерден каза болгон. Факты КЖБРге катталган «, — деп берилет маалыамтта.