Арал капчыгайына эс алууга чыккан Орусиянын эки жараны дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча кечээ Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Россия Федерациясынын 2 жараны байланыш жок дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган капчыгайга Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу АКУ унаасы менен чыккан.
Болжолдуу жайгашкан даректен аталган эс алуучуларды табышкан эмес. Мындан улам жерге жарык киргенде издөө-куткаруу ишин улантуу үчүн болжол менен саат 4тө кайтып келишкен.
Бүгүн кайрадан жерине саат 07:25те 3 куткаруучу АКУ унаасы менен чыгып кетишкен.
Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.