7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада Run the Silk Road – 2025 эл аралык марафону өттү

266

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышынын алдында Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road – 2025 эл аралык марафону өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул марафондун катышуучуларын жана конокторун куттуктады. Ал бул иш-чара спорттук жетишкендиктердин аянтчасы гана болбостон, ШКУга кирген мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошуп, жарандарды активдүү жана сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.

Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун жигердүү колдоосунун аркасында өлкөдө спортту өнүктүрүүдө олуттуу жылыштар болуп жатканын белгиледи.

Марафондун алкагында жөө күлүктөр төмөнкү аралыктарда жарышты: марафон (42,2 км), жарым марафон (21,1 км), 10 км жана 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу.

267