7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атанын мурдагы мэри камакка алынды

621

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри камалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Мамлекеттик түзүмдөрдөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен кызмат адамдарынын байланышы такталып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум К.Асанбекке Чолпон-Ата шаарындагы 10 млн. сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Аталган жарандын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган. Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри 1 айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

622