7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпонбек Абыкеев: Мындан 30 жыл мурда сатылма журналистика деген жокко эсе эле…

467

Белгилүү журналист, Кыргыз эл жазуучусу, КР президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев: Менин «Аалам» деген гезитимдин биринчи саны 1991-жылдын 3-апрелинде чыккан, аны мен 1990-жылдын 17-декабрында каттаткам жана ал – Кыргызстан аймагындагы биринчи расми түрдө катталган эркин гезит болду. Кийин «Кыргыз руху», андан соң Res Publica гезиттери пайда болду жана ал кезде гезиттин ээлери эркин дагы, жоопкерчиликтүү да элек, акчага же кандайдыр бир саясий себептерден сатылмай деген жок болчу.

Кийин ошол эркин делген гезиттер менен башка маалымат каражаттарын байлар менен саясатчылар негиздей баштады жана андай басылмалар – ошол акча берген олигархтардын айтканын аткарып, саясий же башка күчтөрдүн колундагы куралга айланып кетти. Кыргызстандын өзүнөн гана эмес, сырттан каражат берген күчтөр дагы өлкө ичиндеги маалымат каражаттарын башкарып, өз кызыкчылыктарын көздөп калды, ал максаттар болсо Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына дайым эле төп келе бербейт…

468