7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келди

674

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 4-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Түркиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди.

Улуттук кийимчен кыздар Режеп Тайып Эрдоган менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

675