Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан мааракеде ат чабыш оюну болуп, эки күлүк өлгөнү айтылууда.
Анда ат чабышта 77-номурдагы күлүк марага 150 метр калганда өлгөн болсо, буга чейин Чуңкурчак капчыгайында марага келе жаткан жолдо дагы бир жылкы өлгөнү маалымдалган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.