Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Кытай төрагасы Си Цзиньпин, Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джозеф Байден президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашты.