7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чудиновду кызматка дайындоо жөнүндөгү буйрук жокко чыгарылды

577

Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Президент Садыр Жапаров Конституциянын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды. Ошону менен бирге, Энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди. Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов «Курулуп жаткан электр станциялар» ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды»,- деп берилет билдирүүдө. 

578