7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыр-чатактан улам күйөөсүн өлтүрүп салган 40 жаштагы аял кармалды

1138

Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 40 жаштагы  аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү милицияга Кемин районунда үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери 38 жаштагы Н.А. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө маркум күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип маркумдун 1982-жылы туулган А.С. аттуу жубайы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1139