7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионаты: Алибек Осмонов коло медалды багындырды

674

Кыргызстандык спортчу Алибек Осмонов эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, Осмонов 65 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу турунан баштап катышты. Ал франциялык (11:0), бразилиялык (12:2), украиналык (5:3) балбандарды жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалдык баскычта ирандык Амир Мохаммад Бабакка 4:5 эсебинде утулуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн кармашууда Осмонов польшалык Кшиштоф Биенковскиди 4:1 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675