7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатында тай бокс боюнча курама команда жалпы 14 медаль жеңди (ФОТО)

603

Тай бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өткөн Дүйнө чемпионатында 6 алтын, 5 күмүш, 3 коло жалпы 14 медаль жеңди.

Кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категорияда Фарида Абдуева, 57 кг салмакта Виктория Меликова жана эркектер арасында 60 кг салмакта Никита Цой, 63,5 кг салмак категорияда Али-Хан Эргешов Дүйнө чемпиону аталышты.

Ошондой эле 71 кг салмак категорияда Жаныбек Бейшебек уулу экинчи орунду ээледи. Мындан сырткары спорт сүйүүчүлөр арасында 63,5 кг салмакта Александр Кононенко, кадеттер арасында 63,5 кг салмакта Тимур Кутанов да Дүйнө чемпиону аталышты.

Кадеттер арасында 42 кг салмак категориясында Айдар Каныбеков, 57 кг салмакта Данияр Омурбеков, чоңдор арасында Александр Вавилов, кыз-келиндер арасында 70 кг салмакта Анжелика Акылбек кызы күмүш медалдын ээлери болушту.

51 кг салмакта Дмитрий Макаров, 57 кг салмак катергориясында Альберт Бактыбеков жана 54 кг салмакта ИльясАбдулин коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Сыргак Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

604