Дүйнөдөгү эң кир адам деп табылган Ирандык Аму Хаджи 94 жашында көз жумду. Ал жуунгандан кийин алсырай баштаган.
Хаджи 20 жашында суу мага бактысыздык алып келет же акыр аягында мени өлтүрөт деп жуунгандан баш тарткан. Эмнеден улам мындай кадамга барганын такыр айткан эмес же эсинде жок деп жазат чет элдик басылмалар. Себеби ал психологиялык жактан жабыркай тургандыгын кошумчалашкан.
Аму Хаджи Ирандын түштүгүндөгү Фарс провинциясынын Дежга кыштагында жашачу. Жай мезгилинде ачык асман астында уктап, ал эми кышкысын жергиликтүү тургундар куруп берген кирпичтен жасалган алачыкта күн кечирген.
Ал психологиялык жардам алгысы келбей тургандыгын, өзү тандап алган жашоо образына ыраазы экендигин айткан. Карыя негизинен таза тамак жебейт, суу ичпейт. Көбүнчөсү өлгөн жан жаныбарлардын этин отко бышырып ошол менен азыктанат. Кээде ага айылдын тургундары тамак-аш таштап кетишет.
«Аму Хаджи эгер колумду жуусам ооруп калам деп коркот. Ал өзүн толук кандуу бактылуу сезээрин айтат, болгону жакын адамынын жоктугун арман кылаарын жана өзүнө ылайыктуу түгөйүн табуудан эч үмүтүн үзбөй келген»,-деп берилет маалыматта.