7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдө жаштар арасында рак оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

398

Дүйнө жүзүндө 50 жашка чейинкилер арасында рак оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Акыркы жылы бул көрсөткүч 12,8%га өскөн.

Онкологдордун айтымында, жаштар арасында рак оорусунун олуттуу өсүшүнүн себеби толук аныктала элек. Буга жаштардын жашоо образы, же кыймылдын аздыгы дагы өз таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Бейтаптар жашарып баратат. Бул балким, биздин айлана-чөйрөбүздө, тамак-ашыбызда, дары-дармактерибизден болуусу ыктымал, же биз аныктай элек себеби бардыр», — дейт Нью-Йорк шаарындагы онкологиялык борбордун эрте башталган GI рак программасынын директору.

Пенсильваниядагы Grand Viev Health компаниясынын рак программасынын директору, доктор Моник Гари да ушундай эле пикирин айтат. Адистин айтымында, анын практикасындагы рак оорусу карылыктын оорусу деген ишенимге карама-каршы келген жаштар көбөйүүдө.

Ал эми Блохин атындагы Улуттук медициналык илимий-изилдөө онкология борборунун баш жана моюн шишиктеринин хирургиялык бөлүмүнүн башчысы Михаил Кропотовдун айтымында, акыркы убакта жаштардын арасында рактын кээ бир түрлөрүнүн учурлары чындап эле кеңири тараган. Орофарингек рагы өзгөчө жаштар арасында көп кездешет, ал адамдын папиллома вирусуна байланыштуу, өзгөчө бул ооруга эркектер көбүрөөк дуушар болору белгиленген.

 

 

 

399