Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын видеосу социалдык тармактарга тарады. Бул окуя ыплас аракеттер фактысы боюнча иликтөө иштери аяктап, материалдар сотко жөнөтүлгөнүн Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айынын аягында Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жашы жете элек баланын көзүнчө жасалган адепсиз жорук тууралуу маалымат келип түшкөн. Дүкөнгө кирген адам 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Жашы жете элек баланын жакындары милицияга арыз менен кайрылышкан.
Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (Ыплас аракеттер) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө бул мыйзамсыз аракетке шектелип, 1987-жылы туулган К.С., аттуу жаран кармалган. Кармалган жаран Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин Москва райондук соту тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Бул иш боюнча Москва райондук ички иштер бөлүмү тарабынан апрель айынын аягына чейин иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинен тарта Москва районунун прокуратурасы тарабынан кошумча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Учурда кылмыш ишинин тергөө амалдары аяктап, материалдар кошумча кароо үчүн сотко өткөрүлүп берилди.