7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дөөлөтбек Сыдыков эми Сулайман-Тоонун чокусунда 3 күн «манас» айтат

425

Жазында Ош шаарында 3 күндүк Манас айтуу иш-чарасы уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, белгилүү журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобу менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилгелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.

Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана сүмөлөк фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

426