Бишкекте пара талап кылуу фактысы боюнча дагы бир милиционер кармалганын УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Биринчи май райондук милициясынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т.К. кармалды.
Кармалган кызматкер ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды.
Кармалган кызматкер №1 тергөө абагына киргизилди.