7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дамира Ниязалиеванын штабынан кармалган эки адам камакка алынды

819

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабынын кызматкерлери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө уланууда.

29-майда социалдык тармакка Ленин району боюнча өткөн шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиевага таандык делген аудио тарап, анда агитатор менен добуш сатып алуу талкууланган. 30-майга караган түнү милиция анын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820