7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Даниярдын ролунда Курал Чокоев. «Жамийла» мюзиклинин бет ачары өтөт

457

12-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.

Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.

  • Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру — Виктор Фельд
  • Композитору- КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
  • Ырларды жазган акын- Махаббат Молдалиева
  • Костюмдар боюнча художник-дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
  • Хореографы- КР Эл артисти Анара Нургалиева
  • Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова
  • Башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев
  • Видео контент- Адан Алимбеков.

Белгилей кетсек, «Жамийла» чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.

458