7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дарыканадан акча талап кылган алдамчы милиционер колго түштү

937

Сокулукта өзүн милиция кызматкеримин деп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлерине 1998-жылы туулган У.Э. аттуу жаран арыз жазып, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында Новопавловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн ички иштер органдарынын кызматкери деп тааныштырып, арыз ээсинен акча каражатын талап кылып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы жарандын өздүгү такталып, кармалган. Ал 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, эч кандай ички иштер органдарында иштебей тургандыгы такталган, ал жасалма кызматтык күбөлүк жасап алганы маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча катталып, кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кылмышка шектүү жарандын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы башка фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүү дарыканаларга кардар болуп кирип, психотроптук дары сатып алуучу болуп, дарыны алган соң тиешелүү кагаздарын сурабай сатып жатканын айтып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылып жүргөн.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

938