7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дарыяга түшүп кетиши мүмкүн» Бакай-Атада 2 жашар бала дайынсыз

4750

Талас облусунун Бакай-Атада 2 жашар бала жоголуп, дарыяга түшүп кетиши мүмкүн экени айтылууда. Бул тууралуу Талас ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 12-апрелде полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Өзгөрүш айылынын тургунунан 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов саат 15:30 чамасында жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу баланын энеси менен чоң энеси короодогу буюмдарды жууп, ал алардын жанында ойноп жүргөнүн аныкташкан. Бирок бир аз убакыттан кийин алар Рамзанды таппай калышып, издей башташкан.

Баланы издөөгө 80ден ашуун полиция кызматкерлери, ӨКМдин алты кызматкери жана жергиликтүү тургундар тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-апрелде Өзгөрүш айылынын тургундары бала Талас дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат алышкан. Түнкүсүн издөө иштери убактылуу токтотулуп, бүгүн, 13-апрелде издөө иштери кайрадан улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4751