7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Бакиров жоолук салынганы үчүн окуучуну жемелеген мугалимге чара көрүүнү талап кылды

239

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров мектепке жоолук салынып барган окуучуларга терс мамиле жасаган мугалимдерди жоопкерчиликке тартууга чакырды. Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында Базар-Коргон районундагы жоолук салынган окуучу кыз мугалими тарабынан жеме угуп жаткан окуяны эске салып, бул Башмыйзамдын жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу экенин белгиледи.


«Конституциянын жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын талаптарына ылайык, окуучу социалдык абалына, жынысына, динине жана башка көптөгөн өзгөчөлүктөрүнө карабай билим алууга укуктуу. Мугалимдер кичинекей окуучулардын укугун тебелеп, кенедей кыздардын жоолугуна асылбасын. Алар эмне укугун билбейби? Башмыйзамга каршы иштеп жаткан мугалимдерге чара көрүңүздөр! Урматтуу мугалимдер, түшүнүк менен эмес, мыйзам менен иштеңиздер!» — деди Бакиров.


Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова буга жооп кылып, динине байланыштуу окуучуларга чектөө жоктугун айтты.


«Билим берүү жайларындагы бир да мугалим эч качан баланын билим алуусун чектебейт. Мектептерде жоолукчан кыздар да кадимкидей эле билим алышат. Бирок айрым бир башка багыттагы ишенимге кирип алган ата-энелер балдарын көзүн гана ачып, толук чулгап салат. Ошондой учурда ата-энелерге: «Бала кичине, анын укугун бузбаңыз», — деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», – деди Жусупбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

240