7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Билими жок эле косметологдор ар кандай операцияларды жасап жатат

647

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы жаштар арасында гепатиттин С түрү менен кургак учук кескин көбөйүп жатканын айтты. Ал буга косметалогиялык кабинеттер санитардык нормаларды сактабаганы себеп болууда деп билдирди.

“Лицензия албай, медициналык билими жоктор эле адамдын жүзүн өзгөртүүчү ар кандай операцияларды жасап жатат. Алар Кыргызстанда катталбаган препараттарды колдонушат. Фотошопто жасалган сүрөттөрдү көрсөтүп алдашат. Аягында жарандар ден соолугунан ажырап калууда”, — деди ал.

Депутаттын айтымында, мындай башаламандыкты дароо токтотууга Саламаттык сактоо министрлигинин укугу жок. Андыктан бул маселеге тийиштүү органдардын баарына көңүл бурууга тапшырма берүүнү суранды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648