18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров менен Шайлообек Атазов Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине (мурдагы Республикалык олимпиадалык резерв училищасы) барып, окуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Шайлообек Атазов эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Жумашбек уулу Таирбеке өз атынан авто унаа белек кылды. Мындан тышкары, аталган окуу жайга Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Таирбек сыяктуу балдарды чемпиондорду тарбиялап жаткан мугалимдерге, машыктыруучуларга эл өкүлү Шайлообек Атазов ыраазычылык каттарды дагы берди.
Иш- чарада ал мындай саамалык жаңы өсүп келе жаткан, өспүрүмдөргө, кыргыз желегин дүйнөлүк аренага чыгарып желбиреткен жаштарга ишеним, мотивация берерин кошумчалап: «Бизди бириктирип, дени сак жашоону тартуулаган — бул спорт. Спорт – ийгиликтин жана ынтымактын башаты. Сергек жашоонун үлгүсү, андыктан дагы да жашасын спорт», — деди ал.
Ал эми депутат Талайбек Масабиров талыкпаган эмгек, таза мээнет, өжөрлүк аруу тилек гана ийгиликке жеткирерин ырастады. «Мен дагы өзүм ушул жерде окуп, билим алдым, спорт жаатында көп ийгиликтерге жетиштим, андыктан ар-бириңерге чексиз ийгилик каалайм», — деди Масабиров. Мындан сырткары мамлекет башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен заманбап үлгүдөгү спорт комплекси салынып калса, мындан дагы көп деген спортсмендер чыгарын айтты.
Таирбек Жумашбек уулу ыраазычылыгын билдирип: «Мен аябай кубанып жатам, мындай жетишкендикке өзүмдүн аракетим, ата-энемдин колдоосу, машыктыруууларымдын мага болгон ишеними жеткирди. Бүгүн түнү Испанияда өтүүчү мелдешке кетип жатам. Жаңы дем менен ийгилик менен келем», — деп үмүттөнүп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров, Шайлообек Атазов, экс-депутат Эсенгул Исаков, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор, Күрөш федерациясынын вице-президенти, UWW-Азиянын Борбор Азия боюнча куратору Мелис Турганбаев, колледждин машыктыруучу жана окутуучулар жамааты, жаш спортчулар жана алардын ата-энелери катышты.