7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Кокулов эрдик кылган куткаруучуга ыраазычылык кат тапшырды

394

Бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында депутат Эрулан Кокулов өздүк курам менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Жолугушууда патриоттук сезимдер менен кызмат өтөгөн жалпы куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, ажатканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган Ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Бектур Шамшиевге “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Белгилей кетсек, ал 2023-жылдын 20-сентябрында Оштун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында ажаткананын калыңдыгы 30 ссантиметр болгон бетон полун тешкен соң ичине кирип, наристени аман-эсен алып чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган эрдигин эске алуу менен Бектур Шамшиевге 2023-жылдын 29-декабрь күнү, кезексиз Капитан аскердик наамын ыйгарган.

395