7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар “эрке” министрлер кимдер экенин айтты

344

Бүгүн ЖКнын тармактык комитети ЖМК жана интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарды жазалоо мыйзам долбоорун карашты.

Жыйынга эки министр катышпай, айрым эл өкүлдөрун ачуулантты.

“Бизде ушундай эки министр, маданият министри менен юстиция министри бар. Экөө Жогорку Кеңешке келгенди аябай жаман көрүшөт. Келип, мыйзам долбоорлорун коргоп кетсе жакшы болмок”, — деди депутат Улукбек Ормонов.

Президенттин парламентти өкүлү министрлер ЖКга келип турарын айтып, Баетов учурда чогулушта экенин, ал эми Максутов өлкөдө эмес экенин билдирди.

Ага Исхак Масалиев да ачууланып «Биз бул жерде ойноп жатабызбы? Отурум алдын ала пландалган, чогулушта дегени кандай? Улукбек Зулпукарович туура айтат, бизде анча-мынча эрке министрлер бар. Бир кишинин коштоосунда гана келет, башка учурларда келбейт” деди.

 

345