Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, депутаттын «кыргызстандык мигранттар Россиядан массалык түрдө чыгарылып жатат», — деген билдирүүсүнө жооп берди.

Маалыматка ылайык, Россиянын аймагынан кыргыз жарандарын массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу фактысы катталган эмес.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 15-июнундагы Россия Федерациясынын президентинин №364 «Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу РФдагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата РФ аймагынан административдик чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынбайт.

КРнын РФдагы элчилигинин башкы консулдуктарынын жана канцелярияларынын маалыматы боюнча, июль айында жалпысынан Россиянын бардык региондору боюнча КРнын 18 жараны чыгарылган.

«Бүгүнкү күндө Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо (ЦВСИГ) КРнын 9 жараны кармалып турат. Алардын ичинен КРнын 5 жараны РФнын мыйзамдарына ылайык, 25-июлда жөнөтүлөрүн, калгандары август айынын башында жөнөтүлөрүн белгилейбиз (соттун чечими күчүнө киргенден кийин). Мындан тышкары, дагы бир жаран убактылуу баш калкалоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин кармалат»,-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

23-июлдагы абал боюнча 2021-жылдын 12-июлундагы “Кузьминки” метросунда болгон окуя боюнча Москва шаарынын Россиянын ИИМнин башкы башкармалыгы тарабынан административдик камакка алынган жарандарды кармоочу атайын жайда КРнын 65 жараны кармалып тургандыгын кошумча маалымдайбыз.