7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды

527

Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-сентябрында УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны Ч.Д.Д. кармалды.

Аталган факты Кылмыштардын бердиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча катталган.

Тинтүү иштердин натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган шектүү УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528