7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Диний-экстремисттик уюмдун төрт активдүү мүчөсү кармалды

463

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун Базар-Коргондогу ячейкаларынын активдүү мүчөлөрү кармалды.

Кармалгандар “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү экени жана экстремисттик идеологияны жарыялоо жана жайылтуу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

Аталган адамдардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУга тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464