7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл. Венгриянын премьер-министри Садыр Жапаровду куттуктады

678

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“2020-жылы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштарды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө алганыбызга кубанычтамын. Бишкекте Венгриянын элчилигинин жана Будапештте Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышын венгер-кыргыз достук мамилелерин чыңдоонун негизи деп эсептейм.

Көптөгөн тармактарда, өзгөчө маданият, билим берүү, илим жана экономика маселелеринде өз ара кызыкчылыктарга негизделген биздин күч-аракетибиз менен биз мындан аркы олуттуу натыйжаларга жетише аларыбызга ишенем, буга түрк мамлекеттеринин Уюмунун алкагында биргелешкен иш да көмөктөшөт.

Венгрия эки тараптуу саясий, экономикалык жана соода мамилелерин өнүктүрүүнү жактайт деп ишендирем”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Виктор Орбан Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана мындан аркы жооптуу ишинде албан ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679