7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дмитриевкадагы окуя. Жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы айтылды

1068

Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 1991-жылы туулган жабырлануучунун сол санына ок тийип, тез жардам кызматы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

«Дарыгерлер жабырлануучуга операция жасашты. Бейтаптын операциядан кийинки абалы канааттандырарлык деп бааланууда, учурда дарыланып жатат»- деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атайын операциянын жүрүшүндө эки күч кызматкери жаракат алган. Бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Санынан ок тийген экинчи жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Андан мурда ИИМ куралдуу каршылык көрсөткөн террорист өлтүрүлгөнүн билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069