Буга чейин, УКМК добуш сатып алуу фактысы менен депуттатын жакын тууганы кармалганын маалымдаган.
Ал Бишкектин бир нече райондук жана үй комитеттерин мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жана добуш сатып алууга үгүттөп, 16-ноябрда акча таратып жүргөн жеринен кармалган. Андан тышкары, тинтүү учурунда анын унаасынан ири суммадагы акча жана дареги жазылган шайлоочулардын тизмелери табылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган жаран Жогорку кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин жакын тууганы экени айтылууда.
Белгилей кетсек , Камчыбек Жолдошбаев Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу округунан парламенттик шайлоого катышууда.