7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубай менен Гуанчжоу шаарларына «сырдуу» консулдар дайындалды

904

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-сентябр кол койгон жарлыкка ылайык, Абдижалил Тимур Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.

Ачык маалымат булактарында ал тууралуу тап-такыр маалымат жок. Мурда кайда иштегендиги, ким экендиги белгисиз. Бирок, «Кактус» медиа аны УКМК төрагасынын мурдагы орун басары (2005-2006 ж) Абдижалил Жамаловдун уулу деген версиясын жазган.

Президент кечээ, дагы бир жарлыгы менен Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консул Орусбаев Искендер Абдыкадыровичти кызматынан бошотуп, ордуна Эргешов Хомени Байсалбековичти дайындаган.

Ачык булактарда анын да сүрөтү же ал жөнүндө маалымат жок.  Болжолдуу ишкерлик менен алектенип жүргөнү айтылат. Ошондой эле Хомени Эргешов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Байсал Эргешовдун иниси экендиги айтылат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

905