7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайда дайынсыз болгон кыргызстандык кыз изделүүдө

429

Дубай шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу ыкчам түрдө шаардын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жоголгон жарандын туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча, аталган жаран Дубай шаарынын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жаткан.

Ушуга байланыштуу Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам тартипте аэропортко барган, тилекке каршы жыйынтыгы болгон эмес. Ошол эле учурда Башкы консулдуктун кызматкерлери Дубай шаарынын иммиграция бөлүмүнөн аталган жаран Бириккен Араб Эмираттарынын аймагынан чыкпагандыгын аныкташкан.

Учурда Башкы консулдук издөө боюнча иш-чараларды улантууда жана Дубай шаарынын ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле дайынсыз жоголгон жарандын туугандары менен байланышта турат.

 

430